Аялдар тууралуу

Үй-бүлө, аялы-күйөөсү, келин-күйөө, кемпир-чал, ата-бала, кыз-жигит анекдоттор, тамашалар, окуялар ж.б.у.с.
parimatch777
Колдонуучу
Билдирүүлөр: 1
Катталган: Шарш тогуздун-айы 21, 2020 1:50 pm

Аялдар тууралуу

Билдирүү parimatch777 »

Эки жаны кыргыздын аялдары суйлошуп отурушат:
-Билесинби мурун кыргыздын аялдары куйоолорун уйлонуу тоюуна чейин корушпочу экен. Анда экинчиси:
- Чын эле, а биз тескерисинче уйлонгондон бери куйообузду коро элекбиз
admin
Админ
Билдирүүлөр: 612
Катталган: Шарш кулжа 03, 2020 4:13 am

Re: Аялдар тууралуу

Билдирүү admin »

ЭНЕНИН КҮНДӨЛҮГҮНӨН...

Балам ушундай күн келет,менда каарыйм.Ошондо Сабырдуу болуп,мени түшүнүүгө аракет жаса.Эгер капысынан жеп жаткан тамагымды төгүп,же кийимдеримди сени жардамыңсыз кие албасам,"Жаш баладай"деп тилдеп ачууланба мага !!!
Кичине наристем экениңде Сен да ошенткенсиң.... бирок ал нерсеге менин жүрөгүм оорубайт.Тескерисинче жылмаюу менен эстеймин.Буларды сага үйрөтөм деп канча жаштыгым,убактым,өмүрүм өтүп жатканы оюма да келген эмес!!
Бул Сен үчүн убактымды эле эмес,керек болсо "жанымды да аябайм"дегенди билдирет балам.
Эгер чогуу сүйлөшүп олтургада,бир сөзүмдү кайра кайра кайталачу болсом,кыжырданып мени айыптабай,айткан сөзүмдү ук!!!
Кичинекей кезинде мен да бир эле жомокту кайра кайра айтып берчумун.А Сен чүрпөм ал жомокту кайра кайра угуудан тажабайт элең.А менин омүр жомогум аяктап баратат,ошондуктан мени айткан сөздөрүмдү оор көрбөй угуп коюшуңду суранам балам!!!
Эгер азыркы замандын жаңы буюмдарына түшүнбөсөм.....айыптаба балам,болгону бир ааз убакыт бер,түшүнүп алышыма.
Анткени мен сага туура тамактанып,туура кийинип,турмуш көйгөйлөрүнө каршы кантип күрөшүүнү үйрөтө алганмын.
Эгер сүйлөшүп жаткан учурда,айтчу сөзүмдү унутуп калсам,ачууланба.Эгер билсею ...Мен үчүн сени менен сүйлөшүп жатканым эмес,сен менен чогуу экеним маанилүү.
Эсиңдеби?Сен кичинекей кезинде менден таптакыр алыстоону каалабайт элең.Өзүңдү үйгө жалгыз калтырчу болсом,АПАЛАП короону кыдырып айланчыктап ыйлачусуң!!!
Канаале азыр дагы көз жашыңды көл кылып,мени издесең.....менден алыстагың келбесе!!!
Эгер каарыган буттарым,мага кызмат кылуудан чарчап,таяныч болуудан баш тартса,мага колуңду соз балам.Жарык жашоого келип,жаныдан гана кадам коюп там тун басканыңда мен да сага кол созгон сыяктуу...
Балам мен сени мүдүрүлүп түшүп,кулап калышыңдан коркчумун.Азыр да корком өзүм кулап калышымдан,ошондуктан колуңду соз балам.Сенин жардамыңсыз кулап калышым мүмкүн.Балам боор этим,сени ушунчалык кичинекейинде жакшы көргөнүмчөлүк азыр да жакшы көрөм унутпа балам!!!
admin
Админ
Билдирүүлөр: 612
Катталган: Шарш кулжа 03, 2020 4:13 am

Re: Аялдар тууралуу

Билдирүү admin »

Аял менен эркек физиологиялык жактан эле эмес, психологиялык жактан да айырмаланат. Экөө эки башка ой жүгүртөт, эки башка кабылдайт дегендей. Бул нерсени тастыктоо үчүн алардын көзгө баса урунган айырмачылыктарын байкап көрөлү.

➡️Эркектер аялдардын жашоосунда биринчи эркек болгусу келет. Аялдар болсо эркектин жалгыз жана кайталангыс сүйүктүүсү болууну каалайт.
➡️Аялдар бир эле эркектен көп нерсени талап кылат. Эркектер болсо бир эле нерсени көп аялдан каалайт.
➡️Аялдар ден соолугу үчүн ар убак кооптонсо да эркектерге салыштырмалуу эки эсе аз оорушат. Ошондуктан эркектерге караганда 7-15 жылга көп жашашат.
➡️Эркектер эркектердин жамаатына бат көнүшсө, аялдар өздөрүнүн жамаатына көнүү үчүн көп убакыт талап кылынат. Ушул сыяктуу кайнатасы менен күйөө баласы оңой тил табышса, кайнене менен келиндин мамилесинде сөзсүз маселе болот.
➡️Аялдар бир эле убакта бир нече ишти аткарууга жөндөмдүү келишет. Мисалы, тамак жасап жатып телефондо да сүйлөшөт, баласына да көз салып турат. Эркектер үчүн бир убакта бир эле иш менен алек болуу керек, экинчиси тоскоолдук кылат.
➡️Эркектер аялдарга караганда бир кыймыл-аракетти көпкө кыла алышпайт. Мисалы, аялдар көп убакытка чейин сүйлөшүп отура берет. Эркектер бул нерсеге чыдамдуу эмес.
➡️Пикир келишпестик, ызы-чуу болгон учурда эркектин эң мыкты куралы унчукпай кутулуу болсо, аялдыкы көз жаш төгүү.
➡️Оор кырдаалдан чыгуу үчүн эркек өзү жол табууга аракет кылса, аял курбуларынан кеңеш сурайт.
➡️Аялдарда мимика, жест, көз караш менен түшүнүү жакшы өнүккөн. Ал эми эркектерде мындай сапат жокко эсе. Ошондуктан алар бат алданышат.
➡️Аялдар үчүн сүйүүсүн билдирүүгө караганда сүйүп калуу оңой. Эркектерде тескерисинче: сүйүүсүн оңой билдиришет, бирок оңой менен сүйүп калбайт.
➡️Эркектер агрессивдүү, аялдар чыр-чатактуу.
➡️Эркектер башка бирөөнүн сырын өзүнүкүнө караганда бекем сактайт, аялдар, тескерисинче, өзүнүн сырын башканыкына караганда жакшы сактайт.
➡️Аялдар эркектин сырткы келбетине караганда өзүнүн сырткы келбетине көбүрөөк маани берет. Эркектер тескерисинче. Ошон үчүн да “эркек маймылдан бир аз сулуу болсо болду” деген сөз айтылып калган.
➡️Эркектер жашоодо ар кайсы чөйрөдө – спорт, жумуш, сүйүүдө жана башкаларда ийгиликке жеткиси келет. Аялдар үчүн сүйүү ар дайым биринчи орунда.
➡️Аялдар ойлонуп сүйлөбөйт. Эркектер ойлонуп иш кылбайт.
➡️Эркектер көрүү аркылуу жакшы кабыл алса, аялдар сөз аркылуу жакшы кабыл алат. Ошон үчүн да “эркек көзү менен, аял кулагы менен сүйөт” деген сөз айтылып калган.
➡️Эркек бир нерсени бүтүн бойдон кабыл алса, аял майда-баратына чейин көңүл бурат.
➡️Эркектер аялдарга караганда өзүмчүл болушат. Бул алардын дайым камкордукта жүргөндүгүнө байланыштуу: алгач апасынын, эжесинин, андан кийин аялынын кам көрүүсүндө. Ошондуктан эркектер дайыма көңүл бурууну талап кылышат.
Маха Боржекова
Колдонуучу
Билдирүүлөр: 3
Катталган: Жума бештин-айы 18, 2020 3:36 pm

Re: Аялдар тууралуу

Билдирүү Маха Боржекова »

Аялдар үйдүн баркы экен
Акылы бир аз тайкы экен
Бала эле төрөп бергени болбосо
Балталап салчу калк экен деген Байдылда Сарногоевдин саптарын окудунуздар беле?
Жооп берүү

«Ата-эне, Үй-бүлө тууралуу»-га кайтуу