Оорулуу менен дарыгер

Медицина, Ден соолук, Дарыгерлер, Оорукана тууралуу анекдот, күлкү-тамашалар ж.б.у.с.
Kennethhense
Колдонуучу
Билдирүүлөр: 1
Катталган: Ишем тогуздун-айы 24, 2020 6:18 am

Оорулуу менен дарыгер

Билдирүү Kennethhense »

Бир киши ичи ооруп ооруканага барат. Доктур текшерип көрүп,муну бир тамашалайын деп:
-Кош бойлуу экенсиз дейт
Тиги киши:
- Кой тамашаңды,эркек киши кантип боюнда болсун дейт
Доктур:
- Азыр ушундай жаңы оору чыкты,эркектердин боюнда болуп калып жатат десе
Тиги киши:
- Бойдон түшүрсө болобу дейт
Доктур:
- Ооба, болот ушул дарыны күнүнө бир маалдан ичиңиз деп ич өткөктүн дарысынан 5 даанасын берет. Байкуш киши ооруканадан чыгып эле баягы дарыдан үчтү бир ичет,эртерээк боюмдан түшсүн деп. Бир аз баскандан кийин эле ичи бурап чыдатпай толгой баштайт,
-Аа толгото баштадым го, боюман түшкөнө калды окшойт деп,ыңгайлуу жер караштыра баштаса эле мындайраак жерде оозу ачык жер төлө (люк) шарт эле отуруп төрөй баштайт, ал жер төлөдө интернеттин зымдарын оңдоп жаткан адистин башына коё берген экен,ал чочуп кетип:
-Апаа! деп бакырат
Тиги киши:
-Сенин апаң жок, сен "жетим" төрөлдүң деп аркасын карабай качты дейт

«Медицина тууралуу...»-га кайтуу