БИШКЕКТЕ Болгон окуя

жол, унаа жана алардын үстүндөгү акмактар ​​жөнүндө
Altynbek
Жаран
Билдирүүлөр: 100
Катталган: Жекш тогуздун-айы 11, 2020 4:20 am

БИШКЕКТЕ Болгон окуя

Билдирүү Altynbek »

Бир маршруткачы кечинде Токмок тарапка жөнөйт.Жолдо баратып акыркы пассажирин түшүрүп,ары жүрүп кетет,жаай айдап.Бир убакта эшик жагы такылдайт,караса бир кемпир келе жаткан болот чогуу.Коркуп кетет!Токтотоюн дейт караса чачатарын апсайтып коркунучтуу.Айдап кете берет келме айтып.Эшиги дагы такылдагандан караса жанагы кемпир чачтарын апсайтып дагеле чогуу маршрут менен чогуу эшиктин жанында бараткан болот.Улам такылдатып коёт эшикти кемпир.Айласы кеткен шоопур
—ОО АЛЛАХ,ӨЗҮҢ КЕЧИР КҮНӨӨКӨР ПЕНДЕҢДИ! деп тиленип машинесин токтотот.Токтотсо жанагы кемпир дагы такылдатат го эшикти!Келмеси оозунан түшпөй калтырап титиреп эшикти аарааң ачып жатса сырттагы кемпир
—АЧПАЙСЫҢБЫ БАТЫРААК! деп бакырса шоопурдун жүрөгү <ЛАК>деп түшүп калайын дейт го! Акыры ачса эле жанагы акырында түшүргөн пассажири го! Байкуш кемпирдин мойнуна орогон жоолугу чубалып эшике кыпчылып калган тура!Байкуш кемпир жанталашып чуркап ач эшикти деп такылдаткан сайын шоопур коркуп кете бериптир да!Ошентип коркконго кош көрүнөт болуптур...Бир чети коркунучтуураак болсо бир чети күлкүлүү да окуя...

«Авто, унаа, жолдор»-га кайтуу