Адам эмнеге ушундай?!

Аралаш чыгармачылыкка байланыштуу форум
Ravidin
Жаран
Билдирүүлөр: 51
Катталган: Жекш тогуздун-айы 11, 2020 5:59 am

Адам эмнеге ушундай?!

Билдирүү Ravidin »

- Эгер бирөө көбүрөөк күлүп жатса, а түгүл болбогон нерселерге да күлүп калган болсо анда жалгыздыктын азабын тартып жатат, катуу кусаланып жатат. - Эгер бирөө көп уктап жатса, демек бир кайгысы же кабатыр кылган бир нерсе бар. - Эгер бирөө аз сүйлөсө, сүйлөсө да шашып сүйлөсө, демек ага ишенсең болот, сыр сактай алчу жакшы касиетке ээ. - Эгер бирөө ыйлай албай жаткан болсо демек ал кубатсыз, жөлөк болуучу адам керек. - Эгер бирөө адаттан тыш көрүнүш менен тамактанып жатса, демек ичинде кайгысы, арманы бар. - Эгер бирөө арзыбаган нерселерге ыйлап жиберчү болсо, ак жеринен жаман көрүнүп же күнөөлүү болуп жүрөт. - Эгер бирөө бир нерсеге бат ачуусу келип калган болсо, анда сүйүүгө муктаж, мээримге зар болуп жүрөт.
Ravidin
Жаран
Билдирүүлөр: 51
Катталган: Жекш тогуздун-айы 11, 2020 5:59 am

Re: Адам эмнеге ушундай?!

Билдирүү Ravidin »

Бир киши акылманга келип “Мен жаш, сулуу кызды сүйүп калдым. Аялымды кантип таштаарымды билбей жатам?!” деп кеңеш сурайт.

- Аялыңды сүйүп калган кездеги сүрөтүн көрсөтчү? – деп сурайт акылман.

Киши көрсөтөт. Сүрөттө тал чыбыктай ийилген сулуу кыз карап турган болот.

- Кызык, ушундай сулуу кыздан да сулуу кыз таптыңбы? – деп таң калат акылман.

- Жок, албетте, жок. Ал кезде аялым чындап эле аябай сулуу болчу. Бирок азыр... Азыр мурункудай болбой калбадыбы? – деп мукактанат киши.

- Аялыңдын сулуулугун кайтаргың келеби?... Жаш кезин кайтарып берсем, аялыңды таштабайсыңбы? – деп сурайт акылман.

- Андай болсо, сонун болбойт беле?! Албетте, таштабайт болчумун! – деп жооп берет киши.

- Мен сага жардам берейин, бирок акысы аябагандай кымбат болот. Канча балаң бар?

- Эки.

- Аялың өзүнүн тең жарымын балдарына арнап сулуулугунан ажыраган. Балдарыңды алып келсең, аларды так ортосунан бөлүп туруп, аялыңа сулуулугун кайтарып берейин.

- Жок ай! Кайдагыны айтпаңызчы?! – деп кыйкырып жиберет киши.

- Анда эмне кыл дейсиң?! – деп таң калат акылман.

- Балдарым менин да бир бөлүгүм да... Аларга канча күч-кубатым жана ден соолугум кетти... Аларды кантип курмандыкка...

- ...Аа, демек, сен да өзүңдү балдарыңа арнап, сен да жаштыгыңды жоготкон экенсиң да?! - деп тиги кишинин сөзүн бөлүп, мыйыгынан жылмаят акылман.

Ортодо бир саамга тынчтык өкүм сүрөт.

- Түшүндүм, түшүндүм баарын... Аялым экөөбүз балдарыбызга өзүбүздүн тең жарымыбызды берген экенбиз да... Туура айтасыз... Жаш кезибиздеги сулуулугубузду жана күч-кубатыбызды эми кайтарыш кайдан?!... – деп шылкыят киши.

- Бирок мени аялымдан түртүп турган дагы бир нерсе бар, - деп кайра обдулат киши, - аялымдын кулк-мүнөзү таптакыр өзгөрүп кетти! Биз жаңы таанышкан кезде ал аябагандай назик, жароокер, жаркылдаган кыз болчу. Азыр болсо, эч нерсени жактырбайт, үтүрөйүп кабагы такыр ачылбайт, күңкүлдөп, урушкусу эле келип турат.

- Күзгүң барбы? – деп сурайт акылман.

- Жок.

- Сенин аялың – сенин күзгүң! Аялыңдын көңүлүн алып, жылуу сөздөрүңдү, мамилеңди аябай, сыйлап, урматтап, барктай алдыңбы? Кемсинтип, жүрөгүн ооруткан жоксуңбу?... Өзүң кандай болсоң, аялың так ошондой болот, - деп жыйынтыктайт акылман.
Жооп берүү

«Башка»-га кайтуу