Жыргалбек Айтматовдун чыгармалары

Поэзия жана Ыр түрүндө чыгармалар
Zhyrgalbek81
Колдонуучу
Билдирүүлөр: 4
Катталган: Шарш бештин-айы 09, 2020 4:00 pm

Жыргалбек Айтматовдун чыгармалары

Билдирүү Zhyrgalbek81 »

Чоң ава болдум

Оңой, кыйын тарабы бар ар иште
Айтып турат оң мүрүмдө париште
Усман ибн Аффан халиф ат алып
Бул өмүргө келди уул наристе.

Күнөө жок дейт анда эч бир кымындай
Жыргалбектин жазган ар бир ырындай,
Аллахымдан дуба кылып сурайык
Жүздөн ашып кетсин ушул ымыркай.

Бүгүн көңүл ырга өзгөчө бурулду
Бу дүйнөгө бир койчуман туулду,
Өмүрүнү узун кылсын Аллахым
Келечекте каары болоор уулду.

Жаңы жума, күн чайыттай ачылды
Шоолалары үйгө, гүлгө чачылды,
Сүйунүчүм болгонума чоң ава
Көөдөнүмөн эригүүнү качырды...


Жыргалбек Айтматов ✔ Хайдаркен, Киргизия (Кыргызстан)

«Поэзия жана Ырлар»-га кайтуу