Отунга барабыз деп алдайсың...

Жаныбарлар жөнүндө тамашалар
Altynbek
Жаран
Билдирүүлөр: 100
Катталган: Жекш тогуздун-айы 11, 2020 4:20 am

Отунга барабыз деп алдайсың...

Билдирүү Altynbek »

мм11.jpg
Акмат эшегин байлап үйүнө кирип кетсе шайтан агытып ийет. Бошогон эшек кошуна Ташматтын чарбагына кирип оттоп кетет. Ташмат эшекти көрүп атып таштайт. Өлгөн эшекти көргөн Акматтын аялы Ташматка бычак саят. Аны көргөн Ташматтын аялы Акматтын аялын үбөлүк менен башка чаап чала жан кылат. Кан жалаган аялын көргөн Акмат Ташматтын аялын ичке тээп өлтүрөт. Өлгөн аялын көргөн Ташмат Акматты дагы көчүккө атып жарадар кылат. Акматтын туугандары менен Ташматтын туугандары былчылдашып башташат...

Акыретте суроо узатылат баарына. Шайтандын жообу: Мен болгону эшекти агыттым. Калганын өздөрү кылышты...

Жыйынтык: Качанга чейин эле боктон бороон чыгарып жүрө беребиз? Биз талкуулаган жана кырчылдашкан темалар, түкүрүк, элита, чай куйбайм, менин көчүгүм-менин ишим, мырк чоро, Кытайга вирусту мен жөнөттүм, көчүктү сол кол менен аачы, осурсам орозом бузулабы, төрт аял алса болобу, юпка, кнопка, уялчаак жепутат, ж,б...
Качанкыга чейин ушинтип жүрө беребиз? Илимди изилдөө, өнүгүү үчүн талкуу, маданияттуу жашоо сыяктуу нерселерге качан баш оорутабыз? Биздин акыбалыбыз үчүн биз күнөөлүүбүз, шайтан же башкалар эмес...

«Жаныбарлар жөнүндө тамашалар»-га кайтуу