Дин, периште, бейиш, тозок жана ошондой эле молдоке тууралуу

Интернет дүйнөсүндөгү эң кызык бардык тамашалар
admin
Админ
Билдирүүлөр: 612
Катталган: Шарш кулжа 03, 2020 4:13 am

Дин, периште, бейиш, тозок жана ошондой эле молдоке тууралуу

Билдирүү admin »

Бир молдоке аялдар менен сухбатташып жатат дейт.
Аял: Молдоке, инженер менен болсом, жазаны канча убакытта өтөйм?
Молдо: 6 жыл!
Аял: Юрист менен болсомчу?
Молдо: 8 жыл!
Аял: Врач менен болсомчу?
Молдо: 3 жыл…
Аял: Молдо киши менен болсомчу?...
Молдо: Ушу, каапыр, сен бейишке түшкүң келип жатат окшойт, ээ?...
admin
Админ
Билдирүүлөр: 612
Катталган: Шарш кулжа 03, 2020 4:13 am

Re: Молдоке тууралуу

Билдирүү admin »

Бир абышка молдого келип:
- Молдоке, мага арабча суйлогонду уйротуп койчу?
- Эми карыганда сизге арабчанын эмне кереги бар?
- Жашоом бутуп баратат да, тиги дуйного барганда бейишке тушсом, периштелер менен суйлошуп каламбы дейм да...
- А сиз кайдан билесиз, тозокко тушсонузчу?
- Эч ойлонбо молдоке орусчаны мурда эле уйронгооом!
admin
Админ
Билдирүүлөр: 612
Катталган: Шарш кулжа 03, 2020 4:13 am

Re: Молдоке тууралуу

Билдирүү admin »

Астафиралла
Бир молдо жамаатка масала айтып жатыптыр,
- Эгер кыска/мини юбка кийген кыздарды көрүп калсаңар Астафиралла дегиле дейт.
Бир маалда отурган жамаат
- Астафиралла , Астафиралла дей башташыптыр
Молдо да
- кана, каерде дептир
admin
Админ
Билдирүүлөр: 612
Катталган: Шарш кулжа 03, 2020 4:13 am

Re: Молдоке тууралуу

Билдирүү admin »

Эки дос бар экен бир алкаш бир даватчи бир кун алкашка дават кылып дос келет экен намаз оку мени менен мечитке барып десе билбейм намзды десе мен кылганды кайталай бересин деп кондурот мечиткке барганда алкаш имамдын артына туруп алат даватчи алкаштин артына туруп алат саждага барган бойдон алкаш турбай калат даватчи жини келип муштуму менен коттуно бир урса алкаш ушундай да барбы деп имамдын котуно бир салыптыр
admin
Админ
Билдирүүлөр: 612
Катталган: Шарш кулжа 03, 2020 4:13 am

Re: Молдоке тууралуу

Билдирүү admin »

Бир имамды айылга жөнөтүшөт экен, айылга барып имамдык кылып кел деп.
Айылдагылар имамдын коркок экенин угушуп, имамды тамашалап коркутуп көрөлү дешиптир.
Бир жаназа бар ошону жууш керек дешет, биз эч кимибиз жууй албайбыз деп, имамды жууп берүүсүн
өтүнүшөт.
Имам жууганы кирип кетет,
Бир топ убакыт өтөт, имамдан эч дайын жок. Айылдагылыр имамга эмне болду деп тынчсызданышат.
Имам тердеген бойдон жини келип сыртка чыгат, айылдагыларга кайрылат:
- Эй, жамаат, мындан кийин мага тирүү бирөөнү жуу дебегиле, араңдан өлтүрүп жууп чыктым дейт экен.
admin
Админ
Билдирүүлөр: 612
Катталган: Шарш кулжа 03, 2020 4:13 am

Re: Молдоке тууралуу

Билдирүү admin »

Айылда ага ини бир тууган балдар бар экен. Аябай шок экен. Бирөөнүн айнеги сынса, бирөөнүн бир нерсеси жоголсо бир туугандарды күнөөлөшөт экен.
Апасы элдердин арыздарына чыдабай, балдарын мечиттин имамына алып барат. Имам биринчи агасынан сурайт экен.
-Кыбыла кайда?
Агасы эч унчукпайт. Имам ачууланып кыйкырып сурайт
-Кыбыла кайда деп жатам!?
Агасы ыйлап качып жөнөйт. Иниси агасынан эмне болду деп сурайт.
Агасы:
- Башыбыз балээде, кыбыла жоголуптур, бизден көрүп жатышат
admin
Админ
Билдирүүлөр: 612
Катталган: Шарш кулжа 03, 2020 4:13 am

Re: Молдоке тууралуу

Билдирүү admin »

Имам жума хутбасында жамаатка кайрылып арак ичкендерди жемелеп жатты.
-Акчаңарды көчөгө чачасынар!
Пайда көргөн ким? арак сатуучу
Эң чоң дүкөн кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун үй кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун машине кимдики? арак сатуучунуку
Бул акчаны берген ким? Силерге окшогон акылсыздар!
Арадан эки жума өтүп, бир адам имамга келип, кучактап ыраазычылыгын билдирет
- Сиздин жума хутбасында айткан насаатыныз менен жашоом оңолду.
Имам өзүнчө ыраазы,
- Азаматсың, аракты таштагандын жакшылыгын акыретте да көрөсүң.
Адам имамды токтото калып:
- Мен аракты таштаган жокмун, Арак саткан дүкөн ачтым, дептир
admin
Админ
Билдирүүлөр: 612
Катталган: Шарш кулжа 03, 2020 4:13 am

Re: Молдоке тууралуу

Билдирүү admin »

Азраил
Азраил (жан алгыч периште) бир адамга келип, сенини дүйнөдөгү убактын бүттү, жаныңды алганы келдим дейт.
Адам жалдырап жалбарып мага беш жыл дагы убакыт бер дейт. Азраил макул болуп кетет.
Адам учкуч болуп иштей баштайт. Арадан беш жыл өтүп, адам асманда самолетто бара жатканда азраил келет.
- Сенин убактын бүттү, жаныңды алам!
- Жок, бул жерде менден башка 300 жүргүнчү бар, алар эмне болот дейт адам.
Азраил,
- Силердин баарыңарды бир самолетко араңдан чогулттум, чогултам деп кандай кыйналганымды бир билсең!
admin
Админ
Билдирүүлөр: 612
Катталган: Шарш кулжа 03, 2020 4:13 am

Re: Молдоке тууралуу

Билдирүү admin »

Шайтан
Шайтан баласын айлана чөйрөсү менен таныштырып жатып,
- Адамга келгенде сен балам ушул, Адам дегенден качкын,
алар эмне жаман иш кылса шайтан азгырды деп бизге жүктөп коёт - деген экен
admin
Админ
Билдирүүлөр: 612
Катталган: Шарш кулжа 03, 2020 4:13 am

Re: Молдоке тууралуу

Билдирүү admin »

"КУДАЙ БУЮРСА"
Кайсы бир өткөн замандарда такырле Кудайга ишенбеген бир күйөө сөрөй болуптур. Кечки тамак. Аялы аябай берилип манты жасап, 5-10 мүнөт жакшылап бууланып бышсын деп, … өзү дасторконду даярдап кирет. Ангыча ары жактагы күйөөсү дасторконго жетип келип “ай мантың быштыбы,.алпкеле берчи батыраак!!” дейт. Аялы: Кое тур эми кудай буюрса 10 мүнөттө бышып калат” деп жооп узатат. “Эй...апкеле берчи,..кудай буюрса, буюрбаса деле жечү мантыны жей берем,..алып кел эми!” деп ороңдойт күйөөсү. Жолдошунун мүнөзүн түшүнгөн аялы мантыны алып келет, күйөөсү бир мантыны колго алып эми оозго сала берээрде эшиктин конгуроосу шынгырайт да, менттер келип кайсы бир кылмышка тиешеңиз бар экен деп аялдын күйөөсүн ой-боюна койбой алып кетишип, түрмөгө 3 ай жатып чыгат. Түн. Аялы өзү жалгыз үйдө олтурат. Эшиктин конгуроосу угулат. Аял эшиктин жанына басып барып: “Ким бул?” десе, сырттан күйөөсүнүн үнү угулат: Кудай буюрса , мен сенин күйөөң болом...
Жооп берүү

«Жөн эле көңүлгө жаккан тамашалар ...»-га кайтуу