Дин, периште, бейиш, тозок жана ошондой эле молдоке тууралуу

Интернет дүйнөсүндөгү эң кызык бардык тамашалар
admin
Админ
Билдирүүлөр: 612
Катталган: Шарш кулжа 03, 2020 4:13 am

Re: Молдоке тууралуу

Билдирүү admin »

Бир абышка молдого келип:
- Молдоке, мага арабча суйлогонду уйротуп койчу?
- Эми карыганда сизге арабчанын эмне кереги бар?
- Жашоом бутуп баратат да, тиги дуйного барганда бейишке тушсом, периштелер менен суйлошуп каламбы дейм да...
- А сиз кайдан билесиз, тозокко тушсонузчу?
- Эч ойлонбо молдоке орусчаны мурда эле уйронгооом!
admin
Админ
Билдирүүлөр: 612
Катталган: Шарш кулжа 03, 2020 4:13 am

Re: Молдоке тууралуу

Билдирүү admin »

1945-жылы согушка катышкан аксакал молдого келип:
---Молдоке,мен согуш маалда чооң күнөө иш кылдым,Кудай кечирээр бекен?
---анчалык эмне күнөө кылдыңыз,аксакал?
---Бир немецти үйүмө жашырып алгам да?
---Анда сооп иш кылыпсыз да,жанын сактап.
---Жанын сакташы сактаганмын го,ал мага кундө 100$ төлөйт эле да,кандай болот?
---Анда да кечире берет,ал Кечиримдуу Зат.
--- Аа рахмат..-деп чыгып баратып
---Молдоке дагы бир суроо?
--- Айта бер?
---Согуштун бүткөнүн немецке айтайынбы же айтпайынбы?- деп коёт дейт))
admin
Админ
Билдирүүлөр: 612
Катталган: Шарш кулжа 03, 2020 4:13 am

Re: Молдоке тууралуу

Билдирүү admin »

Бир периште бир топ жыл чогуу жашаган жубайларга:
- Силер 30 жыл бою урушпай-талашпай таттуу өмүр сүрдүңөр! Ошол үчүн бир-бирден эң мыкты деген кыялдарыңарды орундаймын,- дептир. Анда аялы:
- Менин кыялым сүйгөн жарым менен саякат жасап, бүткүл дүйнөнү көрүү!- дейт экен.
"Кыялың орундалды" дейт периште. Ошол кезде аялдын колуна эки билет пайда болот. Аялынын сөзүн 50 жаштагы күйөөсү бөлөт:
- Токто, токто! Саякат деген жакшы го, бирок, мындай мүмкүндүк күндө бериле бербейт! Кечир, сүйүктүүм, бирок, менин кыялым башкаа, мен өзүмдөн 30 жаш кичүү аялым болсо деп кыялданам!- дептир.
"Кыялдарың орундалды" деп периште, күйөөсүн 80 жаштагы чалга айландырып жибериптир.😃
Так что, эркектер, кээде байкап-байкап кыялданат окшойсуңар го...😂😂😂😆😆
Жооп берүү

«Жөн эле көңүлгө жаккан тамашалар ...»-га кайтуу