Эркектер

Интернет дүйнөсүндөгү эң кызык бардык тамашалар
admin
Админ
Билдирүүлөр: 612
Катталган: Шарш кулжа 03, 2020 4:13 am

Эркектер

Билдирүү admin »

Бир Философтон сен кандай аял тандайсын деп суралды эле мындай деп жооп берди :
Сулуу албайм башкалар карай берет.
Түрү суук албайм башкалар мыскылдайт.
Узун албайм баш көтөрүп сүйлөгүм келбейт.
Бою кыска албайм баш ийип ага кыйналам.
Аппак деле албаймын коон сыяктуу.
Каппкара албайм ашкабак сыяктуу.
Билимсиз илимсиз да албайм түшүндүрүү кыйын болот.
Илимдүү билимдүү да албайм мени менен талашып кыйнайт.
Бай албайм менин байлыгым бул деп айтат.
Кедей да албайм бала чакам кыйналат.
Кыскасы ошол Философ жалгыз бойдок өтүп кетиптир
Аял жакпагандар. ...........
Эр жакпагандар. ............
Кечирип койгула...😊😊😊
admin
Админ
Билдирүүлөр: 612
Катталган: Шарш кулжа 03, 2020 4:13 am

Re: Эркектер

Билдирүү admin »

Жалкоолордун чогулушу. Төрагалык кылып аткан жалкоо сүйлөп атат:
-урматтуу жалкоолор! Мына бүгүн бүт өлкөнүн чет жакасынан бери чогулуп келдиңер. Маселе бирөө! Биз да жалкоолоно бербей элге окшоп иштейли. Өлкөгө пайда келтирели. Залдан үндөр:
-туура иштеш керек.. -колдойбуз..
төрага: -тааак эмесе качан баштайбыз? Дүйшөмбүдөнбү? -дүйшөмбү күн оор күн да, эс алабыз. -Шейшембиден анда иштейли э? - шейшемби оор күндүн эртеси болот,кантип иштемек элек? -шаршембичи? ......көөпкө дымыйт зал-демек шаршемби иштейбиз. -пайшамбачы? (бейшемби) -э ал күн майрам да ..иштебейбиз. -жума күнү не дейсиңер? -Жараткандын улуу күнү иштемек белек? - ишембичи? -ишемби ансыз деле короткий күн..эс алалы. -жекшенбичи? -кызык.Бүт дүйнө эс алган күнү биз иштемек белек... -таак ошентип шаршемби күнү иштемей болдук. Ким каршы,ким калыс?суроо барбы? Залдан кыйкырык чыгат: -ээ төрага ошентип ар шаршемби иштей беребизби эми? Качан выходной?...)))----дебей иштейли эми))) жаз келди)))
admin
Админ
Билдирүүлөр: 612
Катталган: Шарш кулжа 03, 2020 4:13 am

Re: Эркектер

Билдирүү admin »

Эң начар эркектерди эң мыкты аялдар сүйүшөт…
😜
Аялдарды кол жоолуктай алмаштырдым деп ойлогон эркек терең жаңылышат: дал ошол эркек аялдардын колунан өтүп жүргөн кол жоолук.
😜
Эркектин жардамы менен аялзаты өзүн алсыз сезүүсү керек, а күчтүүлүк ар дайым аялзатынын канында. 💪

Эркек бул — үч саат бою кайырмагына балык түшүшүн чыдамдуулук менен күтүп, а бирок аялы кийинип алышын жыйырма мүнөт күтө албаган жаныбар.
😜
Кадимки эркектер менен чыныгы эркектердин айырмасы мына мында: алардын биринчисинен башыбыз ооруса, экинчисинен башыбыз айланат.😱

Эркекке аял менен баарлашуу үчүн үч эле сөз жетет: сатып берем, алып барам жана албетте, сүйөмүн! 😍😘

Кээ бир эркектер өзүнүн бардыгы менен башкаларга бакыт тартууласа, кээ бирлери жоктугу менен кубандырат.😜

Ар бир эркек аялзатынын чачынан сылап, өөп жана аны менен ойногонду жакшы көрөт. Бирок, аялдын чачын тамак ичкен табагынан байкаар замат, каарданып ачуусу келет.😒😱

Эгерде эркек аялды төшөккө сүйрөгүсү келип ал үчүн ар кандай зулумдукка барууга даяр болсо, ал эркекти ага турмушка чыгууну чечкен аял басып өтөт.😟

Эркектин жашоосу шахматка окшош: кара чач — сары чач, кара чач — сары чач, аялдардын жашоосу болсо, зоопаркка окшойт: теке, коёнек, эшек, маймыл…😀

Эркек адегенде кыялдарын, андан кийин тиштерин, андан кийин гана акылын жоготот.
😝
Эркектин кандай экендигин билүү үчүн адегенде аны менен ажырашуу керек.
😜
Эркек эч качан аял ал тууралуу чындыгында эле эмне деп ойлооруна ишенбейт.
😜
Карышкырды канчалык бакпа — баары бир токойду карайт, эркекти канчалык караба, баары бир башка аялга умтулат. 😒😱

Эгерде эркек аялга машиненин эшигин ачса, экинин бири — же машинеси жаңы же аялы…
😜😀
Эркек — сүт сыяктуу: аны кайнатканда көз айырбай карап туруш керек. Бир аз эле көзүң мындай болсо, ташып, а эгер убагында кайнатпай койсоң ачып кетет.😜😝

Эркектин үстүнөн күлүшкөн болсо, бул жаман — мындан да жаманы анын астынан күлүшкөнү…😉

Машине айдоо эркек үчүн төшөк кумары сыяктуу. Алардын ар бири машинени мен гана эң мыкты айдайм деп ойлошот.😊😜

Чыныгы эркек тууралуу жомокту күйөөлөрүн коркутуу үчүн аялдар ойлоп табышкан. 😜

Чыныгы эркек үй тапичкесиндей ыңгайлуу жана жоокердин батинкесиндей ишенимдүү болушу керек
Ravidin
Жаран
Билдирүүлөр: 51
Катталган: Жекш тогуздун-айы 11, 2020 5:59 am

Re: Эркектер

Билдирүү Ravidin »

Бир аксакал молдокенин алдына келип: "Дамлаа менде бир суроо бар эле даа", дептир. Молдоке: "Кандай суроо аксакал сураңыз?", десе. Балам мен ооо 1945-жылы бир чооң күнөө кылганмын да. Аны айтышка да батыналбай турамын", десе. Молдоке "Аай аксакал айта бербейсизби эми уялбай эле", дептир. Анда аксакал: "Ошондо мен бир немецти үйгө жашырып баккан элем", десе, молдо оозунан сөзүн жулуп алып: "Ээй аксакал ага эмне кайгырасыз, күнөө эмес кайра сооп иш кылган турбайсызбы, себеби сиз бир адамдын өмүрүн сактап калып жатпайсызбы", дептир. Анда аксакал: "Ошоо бирок бир жери бар да балам" десе. Молдоке: "Коош эмнеси бар экен", Аксакал: "Ал немистен күнүнө 100 доллар алып турчумун да", дептир. Анда молдоке: "Аа ошентпейсизби, кеп биякта деңизчи, коош аксакал мейли эми күнүнө 100 доллар алсаңыз деле эч нерсе эмес, кыжалат болбоңуз күнөө болбойт, анткени сиз адам өмүрүн сактап калып жатпайсызбы", дептир. Аксакал: "Ээ рахмат балам, рахмат", деп кетип бара жатып, эшикке жеткенде, артына кайрылып: "Балам ошол немецке согуш бүткөнүн айтсам бекен аа" деп койот дейт))
Жооп берүү

«Жөн эле көңүлгө жаккан тамашалар ...»-га кайтуу