Дагы ушунча жыл жашай турган болсом

Интернет дүйнөсүндөгү эң кызык бардык тамашалар
RobertCon
Колдонуучу
Билдирүүлөр: 14
Катталган: Бейш тогуздун-айы 15, 2020 10:48 pm
Кайдан: Россия
Байланыш маалыматы:

Дагы ушунча жыл жашай турган болсом

Билдирүү RobertCon »

Жашы элүүгө чукулдап калган аял жүрөгү кармап ооруканага жатат. Операция үстөлүндө жатса, көзүнө жан алгыч периште Азрейил көрүнөт. Аял андан:- Менин убакты-саатым жеттиби? Азрейил периште:- Жок. Сенин дагы 45 жыл, 4 ай, 7 күнүң бар.Операция жасалып бүтүп, наркоздон тургандан кийин, "Дагы ушунча жыл жашай турган болсом, анда пластикалык операция жасатышым керек!" - деп аял операция жасатууну чечет. Бетин тарттырып, эриндерин, төшүн чоңойттурат. Кыскасы, "жаңыдан төрөлгөндөй" башкача болуп чыга келет. Акыркы операцияны жасатып,ооруканадан эми чыгып келатканда, аялды кокустан тез жардам машинеси коюп кетип, каза болуп калат. Анда аял Азрейилге:- 45 жыл жашайсың деп айттың эле, анда эмнегетез жардам машинесинен мени сактап калган жоксуң? Азрейил:- Кудай акы, сени тааныбай калыптырмын. Укмуш өзгөрүп кетиптирсиң.

«Жөн эле көңүлгө жаккан тамашалар ...»-га кайтуу