АКШ Прибалтикада

Россия жана КМШ (мурдагы СССРдин) өлкөлөрүнүн жаңылыктары.
Danil
Колдонуучу
Билдирүүлөр: 3
Катталган: Жекш тогуздун-айы 25, 2020 5:31 am

АКШ Прибалтикада

Билдирүү Danil »

АКШ Прибалтикада биологиялык куралдарды текшерүүдөн өткөрүп жаткандыгын журналист айтып берди:
АКШ Прибалтикада биологиялык куралдарды текшерүүдөн өткөрүп жаткандыгын журналист айтып берди.png
РИА Новостинин жана Sputnik Латвиянын баяндамачысы Александр Хроленко Чыгыш Европада африкалык чочко кара тумоосунун пайда болуусу АКШ үчүнчү дүйнөлүк согуш үчүн биологиялык куралдарды өткөрүп жаткан текшерүүлөрдүн чегинде жалпы системанын картинасына кошулуп калды деп жазат.

Анын пикири боюнча, АКШнын ушул системасында өзгөчө ролду негизги сынак өткөрүүчү талаанын ролун аткарып жаткан Прибалтика өлкөлөрүнө берет.

Журналист өзүнүн билдирүүсүн тактоо үчүн бир катар фактыларды келтирген. Тактап айтканда, июнда африкалык чочко тумоосу Латвиядагы 165 чочкодо аныкталган. Анын негизинде 20 миң жаныбар жок кылынган, бул фермерлердин чоң жоготуусуна алып келген. Мындан тышкары, Литвада фермерлик чарбаларга такыр эле чочко өстүрүүдөн баш тартууну сунуш кылышкан, себеби өлкөнүн аймагында африкалык чочко кара тумоосу аныкталган.

Хроленконун пикири боюнча, мындай оорулардын пайда болуусу абдан парадоксалдуу, анткени африкалык чочко кара тумоосунун вирусу түндүк аймактарынын шарттарына туруктуулугу менен айрмаланды жана бул нерсе кыска мөөнөттө жөн жерден пайда болгон жок, ал бир гана лабораториялык шарттарда түзүлдү.

Африкалык чочко кара тумоосунун очогу бир эле учурда көптөгөн мамлекеттерде пайда болду – Грузияда, Украинада, Молдавияда, Польшада, Балтика көлкөлөрүндө. Журналист бул парадоксты Чыгыш Европанын ушул өлкөлөрүндө Пентагондун биологиялык тармакгынын кеңири пайда болуусу менен байланыштырат. Анын пикири боюнча, АКШ жаңы вирустарды иштеп чыгып, түрдүү региондордо адамдарга түз же кыйыр африкалык чочо кара тумоосу менен азык-түлүктү иштен чыгаруу аркылуу тийгизген таасирин изилдейт.

Ошол эле учурда ушул өлкөлөрдүн бийлиги Пентагондун биологиялык иштеп чыгууларынын акыркы натыйжалары жөнүндө ойлонушпайт. Кооптуу долбоорлордун чегиндеги изилдөөлөр түрдүү лабораторияларда жана өлкөлөрдө жүргүзүлөт, ал эми толук отчет Петагондун биологиялык изилдөөлөрдүн борборунда – АКШнын аймагындагы Форт-Детрикте түзүлөт деп жазат Хроленко.

Мындан тышкары, журналист КМШнын аймагында жана Балтика өлкөлөрүндө эпидемиологиялык көзөмөлдүн улуттук системасы америкалык стандарттарга өлкөрүлүп жатканын кошумчалайт. Лабораторияларга ар бир күмөндүү оору жөнүндө маалыматты чогултуунун, иштеп чыгуунунун, сактоонунун жана өткөрүп берүүнүнүн киргизилген электрондук системалары АКШга отчет жөнөтүп турат.

Хроленко ошондой эле, убакыт өткөн сайын биологиялык инциденттердин жыштыгы жана кооптуулугу өсөт, анткени мындай биотехнологиялар жашоо аймактарын тазалоо процесссин тез арзандатууга, планетанын табигый ресурстары үчүн күрөштү жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле вирустун ойлоп табуучусуна абдан чоң пайда алып келет деп эсептейт.

Булак: https://zen.yandex.ru/media/chabarman/a ... 00a8d4819f

«Россия жана КМШ өлкөлөрү»-га кайтуу