КАНДАЙ ЖАШАСАН ОШОНДОЙ КОЗ ЖУМАСЫН

Интернетте табылган мыкты күлкү-тамашалуу окуялар
Ravidin
Жаран
Билдирүүлөр: 51
Катталган: Жекш тогуздун-айы 11, 2020 5:59 am

КАНДАЙ ЖАШАСАН ОШОНДОЙ КОЗ ЖУМАСЫН

Билдирүү Ravidin »

Атактуу бир Мисирдик аалым оз баяндарында мындай окуяны баяндаган экен :
" Мага бир жолу бир карындашыбыз телефон чалды :
- Йаа , шейх! Мен палан деген айылданмын. Бугун биздин айылдагы сыйлуу энелерибизден бироо коз жумуп , анын соогун жууп баштаганда тушунуксуз маселе пайда болду. Ушуга сизден кенеш сурап кайрылып жатабыз , -деди.
Мен :
- Айта бер, карындашым , кулак сенде , -дедим.
- Мен жууп жаткан аялдын колдору намаз окуп жаткандай , он колу сол колун бекем кармап жатат. Аларды ажырата албай койдук. Эмне кылуум керек ? -деп сурады соогун жууган карындашым.
- Ал аялдын кандай абалда коз жумганын уйундогулорунон сурачы ,- дедим.
Ал карындашыбыз бираздан сон кайра чалып :
-Бул аял намаз окуп жатканда коз жумган экен, -деди.
Мен :
- Анын жендерин абайлап кыркып алгыла да кандай жатса ошондой бойдон жууй бергиле ,-деп чечим чыгардым.
Анткени , эч качан калп айтпаган Аллахтын Элчиси ( ага Аллахтын салам-салаваты болсун) : " Ким кандай коз жумса , ошондой тирилет " - деген. Коп отпой жанагы карындашыбыз дагы телефон чалды.
- Йаа шейх, дагы бир , башка маселе пайда болду !?
-Айта бер , кулагым сенде.
- Шейх , тиги энебизди кепиндесек , адаттагыдай эле бычылган кепин узун келип , бир жарым метр ашып калды. Эмне кылаарыбызды билбей калдык.,-деди.
Анда :
- Ал аялдын жашоосу тууралуу жакындарынан сурап корчу,-дедим.
- Мен бул энебизди таанычумун , ал кадимки эле дыйкан аял болчу. Бирок сиз айткандай мен да анын озгочолуктору тууралуу сураганымда синдиси : " Эжем кызыктай дуа кылчу , ал ар намаздан кийин :" Эй Аллах, мени жап ,тос жана кепинимди узун кыл "- деп кайрылаар эле" - деп жооп берди.
Карачы кандай тан калаарлык корунуш.Кадимки бычылган кепин бир жарым метр ашып калыптыр. А биз озубуздун кепин тууралуу ойлонуп кордукпу ? Жашоонун мааниси коз жумганда билинет. Кандай жашасан -ошондой коз жумасын - деп созун бутурду шейх ".
Кыска болсо да бул создо акылдуулар учун маныз бар.

«Окуялар»-га кайтуу