Чыныгы сүйүү

Интернетте табылган мыкты күлкү-тамашалуу окуялар
Ravidin
Жаран
Билдирүүлөр: 51
Катталган: Жекш тогуздун-айы 11, 2020 5:59 am

Чыныгы сүйүү

Билдирүү Ravidin »

Бир жолу эртең менен жумушка шашып бара жаткам. Кокусунан жолго чуркап чыккан улгайган атаны байкабай калыптырмын. Тормозду дароо түбүнө чейин тептим! Бирок баары бир машина атаны бир аз жөөлөп кетти. Тиги ата ордунан ыргып туруп кетүүгө камданды! Мен кабатырланганымдан шашып бара жаткан жумушумду дагы унуттум. Тиги ата "баары жакшы, балам, мен кете берейин. Күнөө менде жөө өтмөктөн өтүшүм керек эле!" -дегенине карабай, "шок абалында билбей жатасыз ооруканага баралы" деп ой боюна койбой ооруканага алып келдим. Дарыгерлер текшерип чыгып эч жери жабыркабаганын, бирок карылыктан келип чыккан муун ооруларына каршы укол сайылышы керек экенин жана ал уколдон кийин 2 саат тынч абалда жатышы керек экенин айтышты. Бирок эмнегедир кетем дей берди. Кызыгып себебин сураганымда. "2 балам бар эле кырсыктан улам каза болуп калышкан, эми мынтип карыганда кемпирим ооруп өзүм караганга алым жетпей карылар үйүнө тапшыргам бирок өзүмдү жоктотпой күндө эртең менен барып чогуу тамактанып турам. Бүгүн да ошол жакка барышым керек кемпирим күтүп калат, мен барайын" деди. Мен болсо көп ойлонбой "Кемпириңизге кечирээк келет деп эскертип коёюн, ата сиз дарыларыңызды алып шашпай барыңыз" дедим. "Жок балам, сенин эскерткениңди түшүнбөйт ал Альцгеймер оорусу менен ооруйт. Альцгеймер унутчаактык оорусу ал жадакалса менин ким экенимди тааныбайт." деп көзүнө жаш айлана түштү. Мындай жоопко таң калган мен "Ал сизди тааныбаса барганда деле майнап жок экен да." дедим. Бирок ата, менин көзүмдү карап мындай деди: "Ооба, ал менин ким экенимди билбеши мүмкүн бирок мен аны менен өткөргөн бактылуу күндөрүмдү унуткан жокмун". Ошол жоопту укканда бул карыядагы тунук сүйүүгө таң калып жатып оюма үйдөгү мени колдоп дайыма бактылуу кылууга аракет кылып жүргөн жубайым түштү. Көрсө көр оокат деп жүрүп ага азыраак көңүл буруп кээде көңүлүн оорутуп жүрүптүрмүн. Мага чыныгы сүйүүнү үйрөткөн карыяны жолуктурган тагдырыма рахмат. Сиздин тагдырыңызга сизди ушул окуяны окутканы үчүн!


Интернеттен алынган бир окуя!
Булак: https://www.instagram.com/anekdotonline

«Окуялар»-га кайтуу