ЖҮРӨГҮМ СИЗДЕН ЖАРАЛАНГАН, АТА

Интернетте табылган мыкты күлкү-тамашалуу окуялар
admin
Админ
Билдирүүлөр: 612
Катталган: Шарш кулжа 03, 2020 4:13 am

ЖҮРӨГҮМ СИЗДЕН ЖАРАЛАНГАН, АТА

Билдирүү admin »

ЖҮРӨГҮМ СИЗДЕН ЖАРАЛАНГАН, АТА

(Бул окуя эч кандай автордун жеке жашоосуна
тиешеси жок. Турмуштан алынган чыгарма.)
Ата, сиз бизди таштап кеткенде биз аябай эле
кичине элек. Бөбөгүм бирден
жаңы эле ашкан. Кичине болсом да баары
эсимде калган. Бакчага барып мени өпкүлөп,
башымы сылап, конфет берчүсүз. Көзүмөн,
мурдуман, оозуман өпчүсүз. Жеп аткан
конфетими алып, оозуңузга салып соруп- соруп,
кайра менин оозума салчусуз. Күндүз
бакчадан жолукканга кечинде үйдөн издей
берет элем. Сагынып ыйлай берсем апам
“атаң жок балам, ал такыр келбейт, алыска-
алыска командировкага кеткен, сен эстүүчоң
кыз болуп чоңойсоң келет” деди. Мен “ал
алыста эмес, ал мага күндө конфет алып
келет” деп ыйладым. “Түш көрсөң керек, балам”
дейт апам кейип. “Жок, түш эмес,
бакчада баары көрөт атам келгенде” деп
өксүйм. Сиз бакчанын жанындагы мектепте
иштейт элеңиз.
Эртеси апам мени бакчага алып келатып
мектептин короосунан сизге жолугуп
“кызың аталап ыйлап атат, же чогуу жаша же
балага көрүнбө, унутуп калсын” деди.
Сиз адатыңызча секирип уруша баштадыңыз:
“Кыйраткан кыздарды тууп койгонсуп,
көрүнбө деп коет. Ушубу тууган кыздарың рахит
кылып, буттары ийри, баштары чоң,
кимге окшошуп калганы да белгисиз”. Уруш
күчөп кетти. Апам бакчанын башчысына
ыйлап кирип, мени кыргыз бакчага котортуп
алды. Анда шаар боюнча бир эле кыргыз
бакча бар болчу. Кыргызыңы койчу деп сиз
бизди орусча сүйлөгөнгө үйрөтүптүрсүз.
Кыргызча түшүнбөй аябай кыйналдым. Ошондо
мен болгону беш гана жашта элем.
Баары бир сизди сагына бердим, апама
көргөзбөй ыйлай бердим. Бир нерсе эле
жетишпей туруп алчу.Кыргызча сүйлөй албай
кыйналып жүргөн күндүн биринде бакчадан
качып
чыгып кеттим. Сиз иштеген мектеп мага жакын
эле сезилчү, табам го деп ойлогом,
бирок адашып кеттим. Кайра бакчамы да таап
бара албай койдум. Чоң жолдун четине
туруп алып бакырып ыйлап атсам, кыргыздар
келди эмне болду, кимдин кызысың деп,
мен кыргызча эч нерсе деп айта албай койдум.
Ошо тушта бир картаң орус кемпир
келип орусча сурап калды эле кучактап,
бакырып ыйлап айтып берсем, бакчаңын
номери канча дейт, билбейм десем, апаң кайда
иштечи эле деди. Мен “билбейм, бирок
китеп чыгарган жерде иштейт” десем, (ал кезде
басмакана да бирөө эле болчу) “о, анда
жүр, өтө деле алыс эмес, мен жеткирем” деп
жетелеп апам иштеген жерди таап апкелсе,
апам иш ордунда жок экен, түшкү тамактанууга
кетти дешти коңшу бөлмөдөгүлөр. Ал
орус кемпир мени аларга таштап койбостон,
кайра ээрчитип, Киев, Шопоков
көчөсүндөгү арзан тамак саткан ашканага алып
келди. Апам байкуш тамакты жаңы эле
алып отурган экен. Мени көргөндө аз жерден
эси ооп жыгылып кала жаздаган.
Сиз менен ошо боюнча бөбөгүм 1-класска
барганда көрүштүк. Мен сизди
унутуп калгам. Апама кайра-кайра телефон
чалып сурана бергениңизден бизди аябай
жасантып, барпыратып ак бантик тагып сизге
алып келди. Бөбөгүм экөөбүздүн
окшоштугубуздан айрый албай башыңыз
айланып турду. Кайра-кайра балчылдатып
өбө берсеңиз, бөбөгүм “апа бул ким эле?” деди
угузуп. Ал сөзгө намыстанып койбостон
“мен атаңмын” дедиңиз. “Менин башка дагы
атам барбы?” деп бөбөгүм апамын
этегине жашырынды да, “менин атам айылда
да, ал укса ыйлайт, сен эмне бул кишини
мени атаң деп атасың, бул киши же эжемин
атасыбы?” деп мени көрсөттү. Сиңдим
алты жарымга чыга электе мектепке барган.
Бул сүйлөмдөр сизге анча жага бербеди.
“Ал чал тайтаңар болот” деген сөздү кечке
кайталай бердиңиз.
Ош базардан жолуккандыктан жакын жердеги
ашканага киргизип, 2 порция
лагман алып ичкиле деп кыйнадыңыз. Ичели
десек лагман эски экен, жыттанып атты,
анын үстүнө апам тамак ичпей отурса. “Пулга
келген тамакты ичиш керек” деп байсай
бердиңиз эле, бөбөгүм жарымын жеп алды.
Сыртка чыкканда апаман бөлүп алып,
киоскиден 50 тыйындык эки сагыз сатып
бердиңиз. Мен силерге “Адидас”, свети күйө
турган ботас, көйнөк-шым сатып келип берем”
деп айттыңыз. Эки сагызга алданып биз
үйгө келдик. Колубузга бир тыйын акча
карматкан жоксуз. Бөбөгүм түнү менен кусуп
чыкты.Арадан 7 жыл өткөндө биз цирктен
чыгып, аптеканын жанынан өтүп баратсак
алдыбыздан чыгып калдыңыз. Супсак кол
алышып эле учураштыңыз. “Ушундай чоң
кыз болуп калдыңарбы деп таң калдыңыз.
Ошондогу анткорлугуңузду кийин билдим,
көрсө “мага ушунчалык окшошуп калдыңарбы?”
дегениңиз экен. “Кайда окуп
атасыңар?” деп биздин дарегибизди сурап
алганыңызча кап-кара, чачы үксүйгөн,
дөөгөокшогон узун аял аптекадан чыгып келип
эле атырылып, сизди жулмалай кетти.
“Акмак, аягы суюк ит, бу катының менен соо
эмессиң десем мойнуңа албай койбодуң
беле?” – калган сөздөрүн кайталаганга тил
барбайт, айтор мушташып кеттиңер. Көрсө
ал төртүнчү аялыңыз экен.Биз музыкалык
мектепте окудук. Классика сабагында бийлеп
атсам сырттан
кирген агай “тебе отец пришел” деди. “Какой
отец?” дептирмин таң калып.
- Ну... папа, наверное. Есть у тебя папа?- деди.
- У меня нет папы - десем, кыздар “жүр, биз
чогуу барабыз, коркпо” деп жетелеп
келишти. Сиз бир киши менен туруптурсуз.
Кучактап, өпкүлөй бердиңиз, анан
ыйладыңыз. Жаныңыздагы кишиге мени
көрсөтүп:
- Менин улуу кызым, көрдүңбү окшоштугун, бою,
бутунун түздүгү, фигурасы,
өңү, жада калса басканы да меники- деп улам
эле мени менен мактана бердиңиз. Мени
төрөлгөндөн бери багып келаткандай түр
көрсөттүңүз. Чоң капчыгыңызды ачып, жалаң
кызыл акчанын ичинен он сомду сууруп, “ме,
балмуздак алып же” дедиңиз. Ошондогу
кыздардан уялганым ай! Гримерныйга кирип
алып аябай ыйладым.
Арадан бир ай өткөндө “Мисс-...” конкурсунда
жеңип чыктым. “Телевизордон
көрдүм, аябай сулуу турбайсыңбы?” деп кызыл
Уландысын жаны группадан окуй аласыздар

Салам достор сиздер көптөн күткөн группа мына эми
ачылды бизге кошулунуз статустар окуялар жаны группа
жаны темары менен ишке тушту ссылка аркылуу кирип кошулуп койунуздар

https://m.ok.ru/dk?st.cmd=altGroupMain& ... 6658694368

«Окуялар»-га кайтуу