Көп Берилген Суроолор (FAQ.KG)

Форумга катталуу жанан кирүү

Эмне үчүн катталышым керек?
Сиз каттоодон өтпөй койсоңуз да болот. Бардыгы администратордун форумду кандайча орнотконунан көз каранды: билдирүүлөрдү жайгаштыруу үчүн катталуу керекпи же жокпу. Ошентсе да, катталуу сизге белгисиз колдонуучуларга жеткиликсиз болгон кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берет: аватарлар, жеке билдирүүлөр, эл-кат билдирүүлөрүн жөнөтүү, топторго катышуу ж.б.у.с. Каттоо бир нече мүнөткө созулат, ошондуктан аны жасоону сунуштайбыз.
Башына кайтуу
COPPA деген эмне?
COPPA (Балдардын Интернеттеги Купуялуулукту коргоо боюнча 1998-жылдагы Мыйзамы), же 1998-жылдан бери Интернеттеги баланын жеке укуктарын коргоо боюнча мыйзам - бул Кошмо Штаттардын мыйзамы, анда 13 жашка чейинки өспүрүмдөрдөн маалымат чогултуучу сайттарды ата-энесинин жазуу жүзүндөгү макулдугу талап кылынат. Камкорчулар 13 жашка чыга элек өспүрүмдөрдүн жеке маалыматтарын чогултууга уруксат бергендигин тастыктоонун дагы бир башка түрү алгылыктуу. Эгерде бул сизге, форумга катталуучу катары же форумдун өзүнө тиешеси бар-жогун билбесеңиз, анда жардам алуу үчүн юридикалык консультацияңызга кайрылыңыз. Ушул форумдун администрациясы "Ушул форумгага байланыштуу туура эмес пайдалануу жана / же укуктук маселелер боюнча ким менен байланышса болот?" Деген суроонун жообунда көрсөтүлгөндөн башка, укуктук маселелер боюнча консультация бере албастыгын жана укуктук мамилелерге жатпагандыгын эске алыңыз.
Котормочунун эскертүүсү: Кыргызстанда бул мыйзамдын юридикалык күчү жок..
Башына кайтуу
Эмне үчүн каттала албай жатам?
Форумдун администратору колдонуучунун жаңы каттоосун өчүргөн болушу мүмкүн. Ошондой эле, ал сиздин IP дарегиңизди жаап салган же сиз катталууга аракет кылып жаткан атыңыз форумда мүмкүн эмес болушу мүмкүн. Жардам алуу үчүн форумдун администратору менен байланышыңыз.
Башына кайтуу
Мен эми гана катталдым, бирок кире албай жатам!
Алгач колдонуучу атыңыз менен сырсөзүңүздү текшериңиз. Эгер алар туура болсо, анда эки түрү болушу мүмкүн. Эгерде COPPA колдоосу иштетилип, каттоодо 13 жашка толо электигиңизди көрсөткөн болсоңуз, анда берилген көрсөтмөлөрдү аткарыңыз. Кээ бир форумдар колдонуучулар же администратор тарабынан кирүүдөн мурун бардык жаңы аккаунттарды жандандырууну талап кылат. Бул маалымат каттоо учурунда көрсөтүлөт. Эгер сизге эл-кат жөнөтүлгөн болсо, анда көрсөтмөлөрдү аткарыңыз. Эгер эл-кат билдирүүсү келип түшө элек болсо, анда сиз туура эмес эл-дарегин киргизгенсиз же ал спам чыпкасы тарабынан бөгөттөлгөн болушу мүмкүн. Эгер туура эл-дарегин киргизгениңизге ишенсеңиз, администратор менен байланышып көрүңүз.
Башына кайтуу
Эмне үчүн мен кире албай жатам?
Буга бир нече себеп болушу мүмкүн. Баарынан мурда, колдонуучунун атын жана сырсөздү туура киргизгениңизди текшерип алыңыз. Эгер маалыматтар туура киргизилген болсо, анда форумга кирүү мүмкүнчүлүгүңүздүн жоктугун текшерүү үчүн администратор менен байланышыңыз. Ошондой эле форумдун форумунда ката кетирилген болушу мүмкүн, жөндөөлөрдү оңдоо үчүн администраторго кайрылыңыз.
Башына кайтуу
Мен мурда эле катталдым, бирок кире албай жатам!
Балким, администратор сиздин каттоо эсебиңизди кандайдыр бир себептерден улам өчүрүп салган же жок кылгандыр. Мындан тышкары, көптөгөн форумдар маалымат базасынын көлөмүн кичирейтүү максатында узак убакытка билдирүү калтырбаган колдонуучуларды мезгил-мезгили менен өчүрүп турушат. Эгер ушундай болуп калса, дагы бир жолу катталып, талкууларга активдүү катышыңыз.
Башына кайтуу
Мен сырсөздү унутуп калдым!
Кабатыр болбоңуз! Сырсөздү баштапкы абалга келтирүү мүмкүн болбосо дагы, жаңысын оңой эле алсаңыз болот. Форумдун кирүү барагына өтүп, Сырсөздү унуттуңузбу? шилтеменисин басыңыз. Көрсөтмөлөрдү аткарыңыз, ошону менен сиз дагы форумга катышып кире аласыз.
Эгерде сиз жаңы сырсөз ала алган жок болсоңуз, форумдун администраторуна кайрылыңыз.
Башына кайтуу
Эмне үчүн менин логинимди жана сырсөзүмдү кайра-кайра киргизишим керек?
Эгер сиз «Мени эстеп кал» желекчесин белгилей элек болсоңуз, анда форумда өз атыңыз менен бир аз убакытка гана кала аласыз. Бул сиздин аккаунтуңузду башка эч ким колдоно албашы үчүн. Колдонуучу атыңызды жана сырсөзүңүздү ар бир жолу киргизбөө үчүн, форумга кирип жатканда «Мени эстеп кал» желекчесин тандасаңыз болот. Китепкана, интернет-кафе, университет ж.б.у.с көпчүлүк колдонгон компьютерде жасоо сунушталбайт, эгерде «Мени эстеп кал» желекчеси жок болсо, анда администратор бул функцияны өчүрүп салгандыгын билдирет.
Башына кайтуу
«Кукини тазалоо» функциясы эмне кылат?
«Кукини тазалоо» функциясы форумуңузга аутентификациядан өтүп, кирүүгө мүмкүнчүлүк берген кукилерди алып салат. Кукилер форум администратору тарабынан иштетилген болсо, окулган билдирүүлөрдү көзөмөлдөө сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылат. Кирүү же чыгууда көйгөй жаралса, форум кукилерин жок кылуу жардам берет.
Башына кайтуу

Колдонуучунун параметрлери жана жөндөөлөрү

Жөндөөлөрүмдү кантип өзгөртө алам?
Эгерде сиз катталган колдонуучу болсоңуз, анда бардык жөндөөлөрүңүз форумдун маалымат базасында сакталат. Аларды өзгөртүү үчүн, барактын жогору жагындагы колдонуучу атыңызды басып, Жеке бөлүм шилтемесине өтүңүз. Ал жерден сиз бардык жөндөөлөрүдү жана артыкчылыктарды өзгөртө аласыз.
Башына кайтуу
«Азыр форумда ким бар» тизмесинде менин атымдын пайда болушунан кантип сактанам?
Жеке бөлүмүңүздөгү «Жалпы жөндөөлөр» өтмөгүнөн сиз Менин форумга катышуумду жашыруу опциясын табасыз. Ооба баскычын тандасаңыз, администраторлорго, модераторлорго жана өзүңүзгө гана көрүнөт. Башкалар үчүн, сиз жашыруун колдонуучу болосуз.
Башына кайтуу
Форумда туура эмес убакыт!
Көрсөтүлгөн убакыт сиз жашаган аймактан башка убакыт алкагына таандык болушу мүмкүн. Мындай учурда, жеке жөндөөлөрүңүздөгү убакыт алкагын, сиз турган жердин убактына тууралап өзгөртүңүз: Бишкек, Москва ж.б. Убакыт алкагын өзгөртүү, ошондой эле көпчүлүк жөндөөлөрдү катталган колдонуучулар гана колдоно алат. Эгер сиз каттарбаган болсоңуз, азыр анда аны аткарууга ыңгайлуу учур.
Башына кайтуу
Мен убакыт алкагын өзгөрттүм, бирок убакыт дагы деле туура эмес!
Эгер сиз туура убакыт алкагын киргизгениңизге ишенсеңиз, бирок убакыт дагы эле туура эмес көрсөтүлүп жатса, анда сервердеги убакыт туура эмес. Көйгөйдү чечүү үчүн администраторго кабарлаңыз.
Башына кайтуу
Менин тилим тизмеде жок!
Администратор форумга сиздин тилди орноткон жок, же эч ким которгон жок. Форумдун администраторунан сизге керектүү тил топтомун орното алабы же жокпу, сурап көрүңүз. Эгер мындай тил топтому жок болсо, анда өз тилиңизге которсоңуз болот. Сиз форумдун администраторунан көбүрөөк маалымат ала аласыз.
Башына кайтуу
Менин колдонуучу атымдын жанындагы сүрөттөр эмнени билдирет?
Колдонуучунун аты менен кошо эки сүрөт болушу мүмкүн. Алардын бири сиздин даражаңызга байланыштуу болушу мүмкүн. Адатта жылдызчалар, квадраттар же чекиттер, сиз канча билдирүү калтырганыңызды же форумдагы абалыңызды көрсөтөт. Дагы бирөөсү, чоңураак сүрөт "аватар" деп аталат жана ар бир колдонуучуга гана мүнөздүү.
Башына кайтуу
Аватардын көрсөтүлүшүн кантип иштетсем болот?
Жеке бөлүмүңүздүн «Профил» өтмөгүндө аватарды төрт куралдын жардамы менен кошо аласыз: «Граватар», «Аватар галереясы», «Өчүрүлгөн аватар» же «Жүктөлүүчү аватар». Администраторго байланыштуу болот: аватарды колдоо функциясы иштетилгенби жана аватарлардын кандай түрлөрү жеткиликтүү болушу мүмкүн экендиги. Эгерде сиз аватарларды колдоно албасаңыз, анда форумдун администраторуна кайрылып, анын себептерин билип алыңыз.
Башына кайтуу
Даража деген эмне жана аны кантип өзгөртө алам?
Даражалар, колдонуучу атыңыздын астында пайда болгон, билдирүүлөрдүн санын көрсөтөт же белгилүү колдонуучуларды, мисалы, модераторлорду жана администраторлорду аныктайт. Жалпысынан алганда, форумдагы бир дагы даражанын түзүлүшүн түздөн-түз өзгөртө албайсыз, анткени алар форумдун администратору тарабынан белгиленет. Сураныч, даражаны жогорулатуу үчүн гана керексиз билдирүүлөрдү жарыялап, форумга кыянаттык кылбаңыз. Көпчүлүк форумдар буга чыдабайт жана модератор же администратор сиздин билдирүүлөрүңүздүн санын азайтып коёт.
Башына кайтуу
Мен «эл-кат» шилтемесин басканымда, форумга кирүүмдү талап кылып жатат!
Катталган колдонуучулар гана эл-кат билдирүүлөрүн башка колдонуучуларга, камтылган форумдун формасы аркылуу жөнөтө алышат жана администратор бул функцияны иштеткен учурда гана. Бул белгисиз колдонуучулардын эл-кат тутумун кыянаттык менен пайдалануусунун алдын алуу үчүн жасалган.
Башына кайтуу

Билдирүүлөрдү түзүү

Жаңы теманы же билдирүүнү кантип түзсөм болот?
Форумда жаңы тема түзүү үчүн «Жаңы тема» баскычын басыңыз. Темага билдирүү жайгаштыруу үчүн, «Жооп берүү» баскычын басыңыз. Билдирүүнү жөнөтүүдөн мурун каттоодон өтүшүңүз керек. Сиздин кирүү укугуңуздун тизмеси форум беттеринин же темаларынын төмөн жагында келтирилген. Мисалы: «Темаларды баштасаңыз болот», «Тиркемелерди кошо аласыз» ж.б.
Башына кайтуу
Билдирүүнү кантип түзөтөм же кантип өчүрсөм болот?
Эгерде сиз форумдун администратору же модератору болбосоңуз, анда сиз өз билдирүүлөрүңүздү гана түзөтүп же өчүрө аласыз. Тиешелүү билдирүүнү түзөтүү үчүн Түзөтүү баскычын басыңыз, кээде ал билдирүүнү, жарыялангандан кийин чектелген убакытка чейин түзөтүүгө болот. Эгерде кимдир бирөө билдирүүгө жооп берген болсо, анда анын астында кичинекей жазуу пайда болот, анда түзөтүүлөрдүн саны, ошондой эле алардын акыркысынын күнү жана убактысы көрсөтүлөт. Бул жазуу администратор же модератор тарабынан түзөтүлгөн болсо, көрүнбөйт, бирок алар өз каалоосу боюнча өзгөрүүлөр жөнүндө жаза алышат. Эскерте кетүүчү нерсе, эгерде кимдир бирөө буга чейин жооп берген болсо, кадимки колдонуучулар билдирүүнү өчүрө алышпайт.
Башына кайтуу
Билдирүүмө кол тамганы кантип кошсом болот?
Билдирүүгө кол-тамга кошуу үчүн, алгач аны жеке бөлүмдө түзүшүңүз керек. Андан кийин кол-тамга кошуу үчүн билдирүү жөнөтүүчү формадагы Кол-тамганы тиркөө кутучасын белгилесеңиз болот. Ошондой эле, жеке бөлүмүңүздөгү «Жеке жөндөөлөр» пунктунун «Билдирүүлөрдү жөнөтүү» бөлүмүнөн туура тандоо жасап, бардык билдирүүлөрүңүзгө демейки кол-тамганы кошо аласыз. Кандай болбосун, өзүнчө билдирүүлөрдү кошуу формасында, Кол-тамганы тиркөө кутучасын белгилебей коюу менен баш тарта аласыз.
Башына кайтуу
Сурамжылоону кантип түзөм?
Темаларды түзүүдө же биринчи билдирүүнү түзөтүүдө, өтмөктү басыңыз же колдонулган стилге жараша билдирүүнү түзүүнүн негизги формасында Сурамжылоо түзүү формасына өтүңүз, эгерде мындай өтмөктөрдү же формаларды көрбөсөңүз, анда сурамжылоолорду түзүүгө укугуңуз жок. Суроону толтуруңуз жана ылайыктуу талааларда жок дегенде эки жооп жазыңыз, ар бир жазылган текст кутучасында өзүнчө сапта экенине текшериңиз. Добуш берүүдө колдонуучулар тандай турган түрлөрүнүн санын, «Жооп Түрлөрүнүн» опциясынын жардамы менен, сурамжылоонун бир нече күн ичинде жүргүзүлө турган мезгилин (0 сурамжылоо туруктуу болоорун билдирет) жана колдонуучулардын добуш берген түрлөрүн өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн дагы орното аласыз.
Башына кайтуу
Эмне үчүн мен дагы жооптун кошумча түрлөрүн кошо албайм?
Жооп түрлөрүнүн санына чектөө форумдун администратору тарабынан белгиленет. Эгерде сизге ушул чектен ашыкча түрлөрдү кошуу керек болсо, анда форумдун администраторуна кайрылыңыз.
Башына кайтуу
Сурамжылоону кантип түзөтөм же өчүрсөм болот?
Билдирүүлөр сыяктуу эле, сурамжылоолорду алардын жаратуучулары, модераторлору же администраторлору гана түзөтө алышат. Сурамжылоону түзөтүү үчүн, темадагы биринчи билдирүүнү түзөтүүгө өтүңүз; сурамжылоо ар дайым аны менен байланыштуу. Эгер эч ким добуш берүүгө үлгүрбөгүн болсо, анда сурамжылоону өчүрүп же жооптун каалаган түрлөрүн түзөтсөңүз болот. Эгерде кимдир бирөө добуш берүүгө жетишкен болсо, анда модераторлор же администраторлор гана сурамжылоону түзөтүп же өчүрө алышат. Бул добуш берүү учурунда жооптордун түрлөрүн өзгөртө албас үчүн жасалды.
Башына кайтуу
Эмне үчүн айрым форумдар мага жеткиликсиз?
Айрым форумдар айрым колдонуучуларга же колдонуучулардын топторуна гана жеткиликтүү. Мындай форумдарды көрүү, аларга темаларды түзүү жана билдирүүлөрдү калтыруу, башка аракеттерди жасоо үчүн сизден атайын уруксат талап кылынышы мүмкүн. Мындай уруксатты алуу үчүн форумдун модератору же администратору менен байланышыңыз.
Башына кайтуу
Эмнеге мен тиркемелерди кошо албай жатам?
Тиркемелерди кошуу укугу форумда, топто же колдонуучунун деңгээлинде берилиши мүмкүн. Форумдун администратору айрым форумдарда тиркемелерди кошууга жол бербейт. Тиркемелерди кошууга айрым топтордун мүчөлөрүнө гана уруксат берилиши мүмкүн. Эгер эмне үчүн тиркемелерди кошо албасаңыз, форумдун администраторуна кайрылыңыз.
Башына кайтуу
Эмне үчүн мен эскертүү алдым?
Ар бир форумда администраторлор өздөрүнүн эрежелерин түзүшөт. Эгер эрежени бузсаңыз, эскертүү алышыңыз мүмкүн. Эмне үчүн эскертүү алганыңызды билбесеңиз, форумдун администраторуна кайрылыңыз.
Башына кайтуу
Модераторго билдирүүлөрдү кантип арыздансам болот?
Ар бир билдирүүнүн жанында, эгерде ал форумдун администратору тарабынан уруксат берилсе, анда ал боюнча даттануу баскычын көрө аласыз. Бул баскычты басуу менен, билдирүү боюнча даттануу жөнөтүү үчүн талап кылынган бир катар кадамдар жасалат.
Башына кайтуу
Билдирүүнү түзүүдө «Сактоо» баскычы эмнени билдирет?
Бул баскыч кийинчерээк аяктоо жана жөнөтүү үчүн билдирүүлөрдү сактоого мүмкүндүк берет. Сакталган билдирүүнү жүктөө үчүн, жеке бөлүмүңүздүн «Кара-баракча» бөлүмүнө өтүңүз.
Башына кайтуу
Эмне үчүн менин билдирүүмдү жактыруу керек?
Форумдун администратору форумга жарыяланганга чейин билдирүүлөр алдын ала кароону талап кылуу, деп чечиши мүмкүн. Ошондой эле администратор сизди колдонуучулардын тобуна кошуп койгон болушу мүмкүн, "анын билдирүүлөрү боюнча, жөнөтүүдөн мурун алдын-ала каралышы керек" деген. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн форумдун администраторуна кайрылыңыз.
Башына кайтуу
Кантип темамды кайрадан көтөрсөм болот?
Теманы көрүп жатканда «Теманы көтөрүү» шилтемесин басып, форумдун биринчи барагынын жогорку бөлүгүндө аны «көтөрүп» алсаңыз болот. Эгер андай болбой калса, демек, бул темаларды көтөрүү мүмкүнчүлүгү өчүрүлгөн болушу мүмкүн же теманы көтөрүүдөн мурун өтө турган убакыт али өтө элек. Жөн гана жооп берүү менен теманы көтөрсө да болот, бирок өзүңүз турган форумдун эрежелерин бузбай жаткандыгыңызга ишенсеңиз.
Башына кайтуу

Билдирүүлөрдү форматтоо жана түзүлүүчү темалардын түрлөрү

BBCode деген эмне?
BBCode - бул билдирүүнүн айрым бөлүктөрүн форматтоодо чоң ийкемдүүлүктү сунуш кылган HTML-дин атайын программасы. BBCode_ну колдонуу мүмкүнчүлүгүн администратор аныктайт, бирок BBCode аны жөнөтүү формасындагы билдирүүнүн деңгээлинде өчүрүп салса болот. BBCode HTML-ге абдан окшош, бирок тегдер төрт бурчтуу (квадрат) кашаага алынат [ н ], а бирок < н > эмес. BBCode жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн BBCode колдонмосун караңыз, анын шилтемеси билдирүүлөрдү жөнөтүү формаларында бар.
Башына кайтуу
HTML колдоно аламбы?
Жок. Бул форумда билдирүүлөрдү HTML кодун жөнөтүү жана иштетүү мүмкүн эмес. HTML билдирүүлөрүн форматтоо мүмкүнчүлүктөрүнүн көпчүлүгүн BBCode колдонуу аркылуу ишке ашырса болот.
Башына кайтуу
Быйтыкчалар деген эмне?
Быйтыкчалар - бул сезимдерди билдирүү үчүн колдонула турган кичинекей сүрөтчөлөр. Мисалы :) кубанычты билдирет, ал эми :( кайгылуу дегенди билдирет. Быйтыкчалардын толук тизмесин «билдирүүлөрдү түзүү» түрүндө көрүүгө болот. Аларды колдонуп жатканда, көп ашыкча колдонбоңуз: алар билдирүүнү адам окуй албай турган кылып салат. Ал эми модератор сиздин билдирүүңүздү түзөтүп же толугу менен өчүрүп салышы мүмкүн. Форумдун администратору билдирүүдө колдонула турган быйтыкчалардын санын чектей алат.
Башына кайтуу
Билдирүүлөргө сүрөттөрдү кошсом болобу?
Ооба, сиз билдирүүлөрүңүзгө сүрөттөрдү жайгаштыра аласыз. Эгерде администратор тиркемелерди кошууга уруксат берген болсо, анда сүрөттү форумга жүктөй аласыз. Эгер андай болбосо, анда жалпыга ачык веб-сайтта сакталган сүрөткө шилтеме бериш керек. Шилтеме мисалы: http://kdm.kg/my-picture.gif. Компьютериңизде сакталган сүрөттөргө (ал жалпыга ачык сервер болбосо) же кирүү үчүн аутентификацияны талап кылган сүрөттөргө, мисалы Mail.ru же Yandex.ru почта ящиктерине, сырсөз менен корголгон сайттарга ж.б.у.с сүрөттүн шилтемесин көрсөтө албайсыз. Сүрөттөргө шилтемелерди көрсөтүү үчүн, билдирүүлөрүңүздө BBCode [img] тегин колдонуңуз.
Башына кайтуу
Маанилүү жарыялар деген эмне?
Бул жарыялар маанилүү маалыматтарды камтыйт жана аларды мүмкүн болушунча окуш керек. Алар форумдардын ар биринин башында жана жеке бөлүмүңүздө пайда болот. Форумдун администратору тарабынан маанилүү жарыяларларды түзүү укугу берилет.
Башына кайтуу
Жарыялар деген эмне?
Жарыялар көбүнчө сиз турган форум үчүн маанилүү маалыматтарды камтыйт жана аларды мүмкүн болушунча окуп чыгыңыз. Жарыялар алар түзүлгөн форумдун ар бир барагынын жогору жагында пайда болот. Ошондой эле, маанилүү жарыялар менен катар, жарыя түзүү укугу администратор тарабынан берилет.
Башына кайтуу
Бекитилген темалар деген эмне?
Форумдагы бекитилген темалар бардык жарыялардын астында жана анын биринчи бетинде гана жайгашкан. Аларда, негизинен мүмкүн болушунча окуш керек болгон абдан маанилүү маалыматтар камтылган. Жарыялардагыдай эле, бекитилген темаларды түзүү укугу форумдун администратору тарабынан берилет.
Башына кайтуу
Жабылган темалар деген эмне?
Жабылган темалар - колдонуучулар мындан ары билдирүү калтыра албай турган темалар, андагы бардык сурамжылоолор автоматтык түрдө аяктайт. Темаларды форумдун модератору же форумдун администратору көптөгөн себептерден улам жапса болот. Ошондой эле форумдун администратору берген укуктарга жараша, өзүңүз түзгөн темаларды жабуу мүмкүнчүлүгүңүз болушу мүмкүн.
Башына кайтуу
Тема сүрөтчөлөрү деген эмне?
Тема сүрөтчөлөрү - бул автор тарабынан тандалган, билдирүүлөр менен байланышкан жана алардын мазмунун чагылдырган сүрөттөр. Тема сүрөтчөлөрүн колдонуу мүмкүнчүлүгү форум администратору тарабынан берилген уруксаттардан көз каранды.
Башына кайтуу

Колдонуучулардын деңгээлдери жана топтору

Администраторлор кимдер?
Администраторлор - форумду жогорку деңгээлде көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү берилген колдонуучулар. Алар форумдун бардык аспектилерин, анын ичинде кирүү чектөөлөрүн, колдонуучулардын байланыштарын үзүүнү, колдонуучулар тобун түзүү, модераторлорду дайындоону жана башкаларды башкара алышат. б.а, форумдун түзүүчүсү берген укукка жараша. Алар ошондой эле форумдун түзүүчүсү тарабынан жасалган жөндөөлөргө жараша, бардык форумдарда толук модератор мүмкүнчүлүктөрүнө ээ боло алышат.
Башына кайтуу
Модераторлор кимдер?
Модераторлор - форумдарды күн сайын байкап турган колдонуучулар (же колдонуучулар тобу). Алар билдирүүлөрдү түзөтүүгө же өчүрүүгө, темаларды жабууга, ачууга, жылдырууга, өчүрүүгө жана бириктирүүгө укуктуу, жооп берген форумдары үчүн гана. Модераторлордун негизги милдеттери - талкууланган билдирүүлөрдүн мазмунундагы карама-каршылыктарга жол бербөө (темадан тышкары), мазактоо, кемсинтүү.
Башына кайтуу
Колдонуучулардын топтору деген эмне?
Колдонуучулар топтору жамаатты форум администратору тарабынан башкарылган түзүмдүк бөлүктөргө бөлөт. Ар бир колдонуучу бир нече топтун мүчөсү болушу мүмкүн жана ар бир топко жеке кирүү укуктары берилиши мүмкүн. Бул администраторлорго бир эле учурда көптөгөн колдонуучуларга кирүү укуктарын берүүнү жеңилдетет, мисалы, модераторлордун укуктарын өзгөртүү же жеке форумдарга колдонуучуларга мүмкүнчүлүк берүү.
Башына кайтуу
Топтор кайда жана мен аларга кантип кошулам?
Бардык топтор жөнүндө маалыматты жеке бөлүмүңүздөгү «Топтор» шилтемесинен ала аласыз. Эгер сиз алардын бирине кошулууну кааласаңыз, анда тиешелүү баскычты басыңыз. Бирок, бардык эле топтор коомдук эмес. Айрымдары аларды киргизүү үчүн уруксатты талап кылышы мүмкүн, жабык же жашыруун болушу мүмкүн. Эгер топ жалпыга ачык болсо, тиешелүү баскычты басып, ага мүчө болууну сурансаңыз болот. Эгер топтун жактыруусу талап кылынса, анда тиешелүү баскычты басып, мүчөлүккө өтүнүч жөнөтсөңүз болот. Топтун Топ-башы сиздин топко катышууңузду жактырышы керек жана эмне үчүн сиз кошулууну суранып жатасыз. Сураныч, топтун Топ-башы сиздин өтүнүчүңүздү четке какса, анда алардын тынчын албаңыз; ал үчүн анын себептери болушу мүмкүн.
Башына кайтуу
Кантип топтун Топ-башы боло алам?
Топтун Топ-башылары адатта форумдун администраторлору тарабынан түзүлгөндө дайындалат. Эгер сиз топ түзүүгө кызыкдар болсоңуз, анда алгач администраторго кайрылыңыз; ага жеке билдирүү жөнөтүп көрүңүз.
Башына кайтуу
Эмне үчүн айрым топ аталыштарынын түсү ар башка?
Форумдун администратору топтун мүчөлөрүнө бири-биринен айырмалоо оңойураак болсун үчүн түстөрдү дайындап бере алат.
Башына кайтуу
Баштапкы топ деген эмнени билдирет?
Эгер сиз бир нече топтон болсоңуз. Сиздин топ сизге кайсы топтун түстөрү жана даражалары ыйгарылышы керектигин аныктоо үчүн колдонулат. Форумдун администратору жеке бөлүмдө демейки шартта топту өзгөртүүгө уруксат бере алат.
Башына кайтуу
«Биздин команда» шилтемеси эмнени билдирет?
Бул баракчадан сиз форум администраторлорунун жана модераторлорунун тизмесин жана алар башкарган форумдар жөнүндө маалымат сыяктуу башка маалыматтарды таба аласыз.
Башына кайтуу

Жеке билдирүүлөр

Жеке билдирүүлөрдү жөнөтө албай жатам!
Бул бир нече себептерден улам болушу мүмкүн: сиз каттоодон өткөн жоксуз жана/же форумга кирген жоксуз, администратор бардык форумдарга жеке билдирүүлөрдү жөнөтүүгө тыюу салган же администратор жеке өзүңүз үчүн буга тыюу салган. Кошумча маалымат алуу үчүн форумдун администраторуна кайрылыңыз.
Башына кайтуу
Мага ар дайым каалабаган, керексиз жеке билдирүүлөр келип турат!
Жеке бөлүмүңүздөгү билдирүүлөрдүн эрежелерин колдонуп, колдонуучулардан жеке билдирүүлөрдү автоматтык түрдө жок кыла аласыз. Эгер сиз конкреттүү колдонуучудан адепсиз, мазактаган жеке билдирүүлөрдү алсаңыз, модераторлорго арыз жөнөтүңүз; алар колдонуучунун жеке билдирүүлөрүн жөнөтүүсүнө тыюу салышы мүмкүн.
Башына кайтуу
Мага бул форумдагы кимдир бирөө тарабынан спам же адепсиз, орой сөздөр менен эл-кат билдирүүсү келди!
Биз бул үчүн кечирим сурайбыз. Бул форумда эл-кат аркылуу билдирүү жөнөтүү формасы, сактык чараларын жана мындай билдирүүлөрдү жөнөткөн колдонуучуларды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн камтыйт. Форумдун администраторуна сиз алган эл-каттын толук көчүрмөсү менен эл-кат жөнөтүңүз. Жөнөтүүчүнүн чоо-жайын камтыган бардык аталыштарды киргизүү абдан маанилүү. Форумдун администратору бул учурда чара көрө алат.
Башына кайтуу

Достор жана Дос эместер

Достор жана Дос эмес тизмелери эмнени билдирет?
Бул тизмелерге башка форум колдонуучуларын кошо аласыз. Досторуңуздун тизмесине кошулган колдонуучулар сиздин жеке бөлүмүңүздө тизмеленип, учурда онлайн режиминде экендиги жана аларга жеке билдирүүлөрдү жөнөтүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул колдонуучулардын билдирүүлөрү форум стили тарабынан колдоого алынса, башкалардан айырмаланып турушу мүмкүн. Эгер сиз колдонуучуларды дос эместер тизмесине кошсоңуз, анда алар жөнөткөн билдирүүлөрдүн бардыгы демейки шартта жашырылат.
Башына кайтуу
Колдонуучуларды достордон жана дос эместердин тизмесинен кантип кошуп/чыгарып салсам болот?
Колдонуучуларды тизмеңизге эки жол менен кошсоңуз болот. Ар бир колдонуучунун профилинде аны досторунун же дос эместер тизмесине кошуу үчүн шилтеме бар. Же болбосо, аны жеке бөлүмүңүздөн жасай аласыз, колдонуучунун аты-жөнүн түздөн-түз киргизүү менен. Колдонуучуларды ошол эле беттеги тиешелүү тизмелерден чыгарып салсаңыз болот.
Башына кайтуу

Форум боюнча издөө

Форумда же бардык форумдар боюнча кантип издейм?
Издөө үчүн сөзүңүздү форумдун башкы бетинде, форумдун барактарында же темасында жайгашкан тиешелүү талаага киргизиңиз. Сиз кеңейтилген издөөнү форумдун бардык барактарында бар «Кеңейтилген издөө» шилтемесин басып издесеңиз болот. Издөөгө жетүү ыкмасы колдонулган стилге жараша өзгөрүп турушу мүмкүн.
Башына кайтуу
Эмне үчүн менин издөөм эч натыйжа бербей жатат?
Сиздин издөө сурамыңыз өтө эле аныкталбаган, бүдөмүк болуп, форумда издөөгө мүмкүн болбогон жалпы сөздөрдү камтыган болушу мүмкүн. Тагыраак айтканда, кеңейтилген издөө мүмкүнчүлүктөрүн колдонуңуз.
Башына кайтуу
Издөөнүн натыйжасында, мен бош баракка туш болдум!
Издөөңүз өтө эле көп натыйжаларды берди, аны веб-сервер иштете албай койду. «Кеңейтилген издөөнү» колдонуңуз, тагыраак айтканда, ал жүргүзүлө турган издөө шарттарын жана форумдарды көрсөтүңүз.
Башына кайтуу
Форумдун колдонуучусун кантип тапсам болот?
«Колдонуучулар» барагына өтүп, «Колдонуучуну табуу» шилтемесин басыңыз.
Башына кайтуу
Билдирүүлөрүмдү жана түзгөн темаларымды кантип тапсам болот?
Өзүңүздүн билдирүүлөрүңүздү үй баракчасындагы жеке бөлүмүңүздөгү «Билдирүүлөрүңүздү көрсөтүү» шилтемесин, форумдагы профилиңиздин «Колдонуучулардын билдирүүлөрүн табуу» шилтемесин же үй баракчасындагы «Шилтемелер» менюсундагы «Сиздин билдирүүлөрүңүз» шилтемесин чыкылдатуу менен таба аласыз. Өзүңүз түзгөн темаларды табуу үчүн, тиешелүү талааларды толтуруу менен кеңейтилген издөө барагын колдонуңуз.
Башына кайтуу

Жазылуулар жана бет-белгилер

Бет-белгилер жазылуулардан эмнеси менен айырмаланат?
Бет-белгилер темага жазылууга көбүрөөк окшош. Бет-белгилериңиздеги теманын жаңыртуулары жөнүндө эскертмелерди ала аласыз. Эгер сиз жазылсаңыз, анда сизге темадагы же форумдагы өзгөрүүлөр жөнүндө кабар берилет. Кыстармалар жана жазылуулар үчүн эскертме жөндөөлөрүн жеке бөлүмүңүздүн «Жеке жөндөөлөр» өтмөгүнөн орнотсоңуз болот.
Башына кайтуу
Белгилүү бир темага кантип бет-белги жасоого же жазылууга болот?
Сиз баракчанын өйдө жана ылдый жагында жайгашкан «Темаларды башкаруу» менюсундагы тиешелүү шилтемени басып, белгилүү бир темага жазылсаңыз болот же бет-белги жасасаңыз болот.
Билдирүүнү жөнөтүүдө «Жооп алгандыгым жөнүндө кабарла» деген желекчени белгилөө менен, сиз дагы тиешелүү темага жазыласыз.
Башына кайтуу
Кантип белгилүү бир форумга жазылсам болот?
Белгилүү бир форумга жазылуу үчүн, тиешелүү форум көрүү барагынын ылдый жагындагы «Форумга жазылуу» шилтемесин басыңыз.
Башына кайтуу
Кантип жазылууну токтотууга болот?
Жазылууну токтотуу үчүн жеке бөлүмүңүзгө кирип, «Жазылуулар» шилтемесин басыңыз.
Башына кайтуу

Тиркемелер

Бул форумда кандай тиркемелерге уруксат берилген?
Ар бир форумдун администратору тиркемелердин айрым түрлөрүнө уруксат берип же четке кагышы мүмкүн. Эгерде кандай тиркемелерге уруксат берилгендигин билбесеңиз, анда жардам алуу үчүн форумдун администраторуна кайрылыңыз.
Башына кайтуу
Тиркемелерди кантип тапсам болот?
Сиз кошкон тиркемелердин тизмесин табуу үчүн, жеке бөлүмүңүзгө өтүп, «Тиркемелер» шилтемесин чыкылдатыңыз.
Башына кайтуу

Форум маалыматы

Бул форумду ким жасаган?
Бул форум Анекдот Онлайн тарабынан түзүлгөн. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн Кайра байланышуу дарегине өтүңүз..
Башына кайтуу
Эмне үчүн бул жерде мындай функция жок?
Бул форум Анекдот Онлайн тарабынан түзүлгөн. Эгер сиз өзгөчөлүк кошуу керек деп эсептесеңиз, Анекдот форумдагы бул шилтемеден жаңы идеяларга кирип, сунуш калтырыңыз.
Башына кайтуу
Ушул форумга байланыштуу туура эмес пайдалануу жана/же укуктук маселелер боюнча кимдер менен байланышса болот?
«Биздин Команда» баракчасында көрсөтүлгөн администраторлордун баарына кайрылсаңыз болот. Эгер жооп ала албасаңыз, домендин ээсине кайрылыңыз (мындай, домен издеңиз).
Башына кайтуу
Форумдун администратору менен кантип байланышсам болот?
Эгерде бул функция администратор тарабынан күйгүзүлгөн болсо, анда ушул форумдун бардык колдонуучулары «Кайра байланышуу» барагындагы тиешелүү форманы колдоно алышат.
Катталган колдонуучулар «Биздин команда» баракчасындагы байланыштарды колдоно алышат.
Башына кайтуу